Айыл жөнүндө
Айыл – көчмөн турмушка ылайыкташтырылган социалдык, аймактык бирикменин түрү. Айыл туугандыгы жакын, бир урукка кирген 10–40 түтүндөн турган. Айылга бир же бир нече атанын балдары кирип, түпкү 8 аталарынын аты менен аталган. Айылдын жайыты, кыштоосу, мүрзөсү бир болуп, конуп-көчкөндө айылдагылар чогуу болушкан. Мындай жайгашуу согуштук-саясий кырдаалга жараша болгон. Кооптуу мезгилдерде айылдар жакын-жакын жайгашып, капыстан боло турган кол салуучуларга тез жыйылып, сокку бергенге ылайыкташтырылган.
Тынчтык мезгилде айылдар бир нече чакырым суу бойлой жайгашкан. Айылдын башкаруу бийлиги бир нече баскычты басып өткөн. Адегенде айыл бир гана уруктун түтүндөрүнөн тургандыктан жогорку бийлик айыл аксакалынын колунда болуп, айыл ичиндеги бардык маселелерди чечкен. Кийинчерээк айылга чоочун, башка уруктун мүчөлөрү кошула баштагандан кийин бийликти бай, оокаттуу бүлөлөр ээлей баштаган. Манаптардын катмары пайда боло баштаганда айылда өзгөрүүлөр күч алып көчмөн шартта жаралган салттар көз көрүнө бузула баштаган. Көчмөн айылдар 20-кылым 40-жылдарынын башында толугу менен отурукташкан.
Фактылар
Айылыбыздагы негизги фактылар – Калкыбыздын саны, 9 булагыбыз анан дагы 13- Ата уруубуз жана кереметтүү Айдың көлүбүз бар.
Калктын саны
Тогуз 9 булак
Business Awards
Айдың көл
Айыл кызматындагы адамдар
Тогуз-Булак айылынын жергиликтүү кенешинин депутаттары жана айыл өкмөт өкүлдөрү.
Асанов Тойчубек
Адилет Кененбаев.
Бекжан Барыктабасов
Болотбеков Чынгыз
Молдалиева Рахат
Let’s have a cup of coffee!
.





